Бишкекте автобус жөө өтмөктөн эки өспүрүм кызды сүзүп кетти

11.08.2026 | 14:49
Бишкекте автобус жөө өтмөктөн эки өспүрүм кызды сүзүп кетти — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 11-августта, саат 09:00 чамасында Бишкек шаарынын Ю. Фучик көчөсүндө жүргүнчү ташуучу автобус эки өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, №153 каттамдагы «Isuzu Citiport» автобусунун айдоочусу түндүк багытында баратып, «Аска-Таш» комплексине жетпей жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан эки кызды сүзүп кеткен. Кыздар болжол менен 15–16 жашта.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучулар №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин алгачкы корутундусу боюнча, өспүрүмдөр оор жаракаттарды алышкан эмес.

Бул факт Бишкек шаардык Кайгуул күзөт кызматы башкармалыгында жана камсыздандыруу компаниясында катталган. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top