Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
«Рубеж-2025»: ЖККУнун аскердик контингенттери Кыргызстанда окуу өткөрүшөт
12.09.2025 | 15:57

«Рубеж-2025» машыгуусунун алкагында командалык-штабдык машыгуунун катышуучулары Борбор Азия аймагынын Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн өкүлдөрү менен бирге Кыргызстанда чогулушат. Бул тууралуу ЖККУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖККУнун аскердик контингенттери Казакстандан, Орусиядан жана Тажикстандан машыгуу өтүүчү аймактарга планга ылайык жөнөтүлүүдө.
«Рубеж-2025» командалык-штабдык машыгуулары «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунун аймагында жана Ысык-Көлдүн акваториясында өтөт. Анда аскерлер ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр кирип келген учурда аларды жок кылуу боюнча даярдык жана согуштук аракеттерди жүргүзүү боюнча машыгышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат