Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, Гиннестер китебине кирди — сүрөт

Рысбай Исаков 124 саат манас айтып, Гиннестер китебине кирди — сүрөт

Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.

Иш-чаранын алкагында манас айтуу, аны сактоо жана таанытууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш- чара улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылат.

Иш-чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.

Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.

Иш- чаранын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>