Рысбек Альчиев башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка кечээ, 30-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Жамиля Жаманбаева берген арызына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган.
Рысбек Альчиев буга чейин Ысык-Ата районунун прокурору жана Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.