Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз биртууганы Баткен Шерниязов менен бет карашпай калабы? Мындай суроону социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Анткени Баткен Шерниязов агасы президенттик шайлоого аттанган күнү Фейсбугуна төмөндөгүдөй билдирүү жазган болчу.
«Бүгүн агам Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого аттана турганын айтты. Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп үч жолу суроо узаттым.
Жообу: Баткен эгер аягына чейин барбай турган болсом, өмүр бою мени менен учурашпай өт — деп жооп берди», — деп жазган ал.
Бүгүн, 30-ноябрда Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровду колдой турганын айтып, президенттикке болгон талапкерлигин алды.