Садыр Жапаров: Акча сунуштап, кызмат сурап кайрылышууда

Садыр Жапаров: Акча сунуштап, кызмат сурап кайрылышууда

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына маек курган. Ал 19-октябрда эфирге чыгып, телеканалдын ютубдагы каналына да жарыяланган.

Аталган маекте Садыр Жапаров аткарыла турган иштер, өлкөдөгү абал тууралуу кеп кылган.  Ошондой эле Кыргызстандагы коррупция өтө көбөйгөнүнө, жада калса мамлекеттик кызматтар акчага бааланып, берилип калгандыгына токтолгон. 

“Коррупциялык схема түзүлүп калган. Жогорку кызматтарда отурган адамдар бизнесмендер менен биригип, министрликтер өзүнчө схема түзүп алып мамлекетке түшчү акчалар алардын чөнтөгүнө түшүп жаткандыгын билем, алардын булактарын билем. Ошол булактарды азыр жок кылдырып жатам. Бир-эки айда жыйынтыгы болот, биз сөз менен эмес иш менен далилдейбиз. Мамлекеттик кызматтарга, министрликтерге дегеле кирешелүү тармактарга кызматка койгондо акча менен коюп калышкан экен.  Ар бир кызматтын өзүнүн баасы бар экен. Мага 10 күн боло элек, бирок акча сунуштап кызматка кой дегендер болуп жатат. Мисалы уулума чыгып 300 миң доллар берели мени бул жерге койсун, 50 миң доллар берели мени тиги жерге койсун деген кайрылуулар болуп жатат.  Биз мунун баарын жок кылабыз, мындан нары мындай болбойт”, — деген Жапаров.

Садыр Жапаров 6-октябрга караган түндөгү башаламандыкта абактан бошотулган.  Жапаровду 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кылып шайлашып, ошол эле күнү президент кол койгон. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялап, Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин алуудан баш тарткан соң президенттин милдетин аткаруу да Садыр Жапаровго тапшырылган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>