Садыр Жапаров Акмал Хасановго унаа белек кылды (сүрөт)

Садыр Жапаров Акмал Хасановго унаа белек кылды (сүрөт)

Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болуп, жардам көрсөткөн өзбекстандык машыктуруучу Акмал Хасанов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмат билдирди.

Жапаров Акмал Хасанов Мунарбек Сейитбек уулуна жардам берүү менен Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгиледи.

«Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бир бирине жан тартып турарына күбө болду. Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун», — деди Садыр Жапаров.

Жапаров Хасановго ыраазычылык билдирип, унаа белек кылды.

Өз кезегинде Акмал Хасанов Мунарбек Сейитбек уулу менен машыгуу жыйындарында көп жолу жолукканын жана Олимпиада оюндарында анын секунданты болууга эч ойлонбостон макул болгонун айтып берген.

Хасанов Кыргызстандын спортчулары кийинки Олимпиада оюндарында алтын медаль утсун деген каалоосун айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>