Бишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталдыМектептерде 8-класстар үчүн биология, химия боюнча профилге чейинки даярдоо сабактары киргизилетБишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылатОрусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Садыр Жапаров: Аскар Акаев мурдагы каталарын толук актады
17.01.2022 | 15:55
“Кумтөр” боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде билдирди.
“ “Кумтөр” боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. “Кумтөр” бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула” – деп жооп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат