Садыр Жапаров: 20 миллион долларлык мүлкүм бар, чет өлкөдө акча катпайм

Садыр Жапаров: 20 миллион долларлык мүлкүм бар, чет өлкөдө акча катпайм

Президент Садыр Жапаров кирешени легалдаштыруу кампаниясынын алкагында башка адамга каттаган мүлкүн өзүна кайра кайтарганын айтты.

Ал Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү- 96 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу имаратты 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнүн айтат.

“Апрель ыңкылабынан кийин «Ата-Журт» партиясынын штабы катары колдонгонбуз. Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду. Бирок, ошентсе да, жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик. 2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым”, — дейт  Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, ага тиешелүү мүлктөрдүн баарын кошкондо 20 миллион доллардын тегерегинде болот.

“Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун”, — деп ал.

Кирешени легаштыруу боюнча мыйзамы 1-июлга чейин күчүндө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>