Эркин журналист Али Эргешов үй камагына чыгарылды

Эркин журналист Али Эргешов үй камагына чыгарылды

Ютубдагы “Эл билсин” долбоорунун автору, эркин журналист Али Эргешов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эргешовдун бөгөт чарасы бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, сот аны 13-мартка чейин үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, 13-февралда милиция журналист Али Эргешовду “Манас” аэропортунан кармаганы белгилүү болгон. Ал аэропорттон кишини жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн адам катары кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, анын кармалышы 2023-жылдын май айында Жалал-Абадда болгон “бейбаштык” окуясына байланыштуу. Эргешовго кылмыш иши козголуп, Жалал-Абаддын соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Ошондой эле ал издөөгө жарыяланган.

Кармалгандан кийин журналист Али Эргешов “Инстаграмдагы” баракчасына видео жүктөп, анда эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кармалышын өзүнүн журналисттик иши менен байланыштырган. Ошондой эле ал издөөдө жүргөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Али Эргешов Ютубдагы “Эл билсин” долбоорун иштеткен журналист катары белгилүү. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардагы санитардык абал, мамлекеттик мекемелердеги кемчилик иштерди ачыктаган видеолорду чыгарып келет.

“Эл билсин”. Милиция журналист Али Эргешовду кармады (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>