Милиция журналист Эргешевге козголгон иш боюнча үн катты

Милиция журналист Эргешевге козголгон иш боюнча үн катты

Жалал-Абад облустук милициясы эркин журналист Али Эргешевге козголгон иш боюнча үн катты.

Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы 24-майда аларга М.М. аттуу жаран Али Эргешевдин үстүнөн арыз жазган. Ал арызында билдиргендей, Али Эргешев ошол күнү Жалал-абад шаардык сотуна келип, имаратка кирип баратканда, сот приставынын талаптарына баш ийбей, кийип турган формасына асылып, погонун жулуп алган. Арыз жазган адам милициядан журналист Эргешевди мыйзамга ылайык жоопко тартууну суранган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция билдиргендей, Али Эргешев тергөөгө келбей, жашырынып жүргөнүнө байланыштуу шаардык сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарып, журналист издөөгө алынган.

13-февралда Али Эргешев “Манас” аэропортуна туугандарын узатып барганда, ал жактагы адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен милиция тарабынан кармалган.  Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

15-февралда шаардык сот Эргешевди үй камагына чыгарган. Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, журналист Али Эргешев милиция тарабынан кармалгандан кийин “Инстаграмдагы” баракчасына видео жүктөп, анда эч кандай мыйзам бузбаганын айтып, кармалышын өзүнүн журналисттик иши менен байланыштырган. Ошондой эле ал издөөдө жүргөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” долбоорун иштеткен журналист катары белгилүү. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардагы санитардык абал, мамлекеттик мекемелердеги кемчилик иштерди ачыктаган видеолорду чыгарып келет.

Эркин журналист Али Эргешов үй камагына чыгарылды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>