Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлоонун алдында мамлекет башчыларына кайрылуу жасады

18.05.2026 | 09:24

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 3-июнунда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлоонун алдында мамлекет башчыларына кайрылды.

Өз кайрылуусунда ал Коопсуздук Кеңешинде чакан жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн адилеттүү өкүлчүлүгүнүн зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын талапкерлигин колдоону суранды, ошондой эле республиканын тышкы саясий артыкчылыктарын ортого салды.

Кайрылуунун толук тексти:

«Урматтуу мамлекет башчылары!

Сиздерге 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йоркто өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоонун алдында кайрылып жатам.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөп, эл аралык укуктун универсалдуулугу солгундап, чыңалуу потенциалы өсүүдө. Учурдагы геосаясий динамика бул баа берүүнү тастыктап турат.

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Европада, Жакынкы Чыгышта жана Африкада болуп жаткан куралдуу кагылышуулар эл аралык системаны сыноодон өткөрүүнү улантууда. Бүткүл дүйнөдөгү аскердик чыгымдарга 3 триллион доллардан ашык каражат жумшалууда. Бул каражаттар бүткүл адамзаттын татыктуу жашоосун камсыз кыла алмак. Эгер бул каражаттар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга багытталса, биздин планета гүлдөгөн бакчага айланмак.

Мындай шартта БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин курамында инклюзивдүү жана адилеттүү өкүлчүлүккө ээ болуу маселеси, ошондой эле Кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмү алдыңкы планга чыгат.

Кыргыз Республикасы Кеңештин курамындагы дисбаланстын сакталып калышы, өзгөчө чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин катышуусунун жетишсиздиги жамааттык коопсуздук архитектурасынын туруктуулугуна доо кетирет деп эсептейт. БУУнун бул негизги органында ар кыл мамлекеттер топторунун иш жүзүндөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүү — бул саясий каалоо эмес, объективдүү зарылдык.

Кыргызстан блоктоштук милдеттенмелер менен байланышкан эмес жана конфронтациялык геосаясий конфигурацияларга аралашпайт. Бул бизге Коопсуздук Кеңешинин алкагында полярлашууну азайтууга жана функционалдык диалогду калыбына келтирүүгө багытталган тең салмактуу, көз карандысыз жана прагматикалык позицияны карманууга мүмкүндүк берет.

Биздин мамилебиз БУУнун Уставынын талашсыз артыкчылыгына жана аны тандалма колдонууга жол бербөөгө негизделген. Биз кош стандарттуулукка, гуманитардык күн тартибин саясатташтырууга жана Кеңештин механизмдерин тар кызыкчылыктарда колдонууга ырааттуу түрдө каршы чыгабыз.

Бул мамиленин иш жүзүндөгү натыйжалуулугу Кыргыз Республикасынын региондук туруктуулукту камсыз кылуу тажрыйбасы менен тастыкталат. Борбор Азиядагы татаал постконфликттик жана трансформациялык шарттарда биз коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо боюнча бардык маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүгө жетиштик. Бул жөн гана декларация эмес, эң сезимтал коопсуздук маселелери да сүйлөшүүлөр жана кызыкчылыктарды өз ара эске алуунун негизинде жөнгө салынарын көрсөткөн ийгиликтүү модель.

Эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин үч жолку мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо боюнча ырааттуу иш алып барууда жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда.

2025-жылы кабыл алынган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, аялдар, жаштар, этникалык азчылыктар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квоталар киргизилген. Биздин өлкө аялдарга парламентте эң көп орун берген өлкөлөрдүн бири болуп саналат, бул боюнча биз алдыңкы орундабыз.

Мындан тышкары, аткаруу жана сот бийлигиндеги гендердик квоталарды жөнгө салуучу укуктук нормалар кабыл алынган. Министрлер кабинетин түзүүдө, судьяларды тандоодо, ошондой эле жергиликтүү бийлик жетекчилерин дайындоодо бир жыныстагы өкүлдөрдүн саны 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Шайланган учурда Кыргыз Республикасы Кеңеште прагматикалык, саясатташтырылбаган жана туруктуу чечимдердин жактоочусу катары иш алып барат. Биздин артыкчылыктарыбыз төмөнкүлөрдү камтыйт: превентивдик дипломатиянын ролун күчөтүү; ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү; куралдарды жайылтпоо жана ядролук куралсызданууну илгерилетүү; климат менен коопсуздуктун ортосундагы өз ара байланышты институционалдаштыруу.

Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын массалык кыргын салуучу куралдан толугу менен баш тартуу принциптеринде ырааттуу жүргүзүп келет. Биз Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин зона түзүүнүн башатында турганбыз жана куралсыздануу чөйрөсүндөгү негизги эл аралык демилгелердин катышуучусубуз. Кыргызстандын 2025-жылы Ядролук куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кол коюшу биздин өзөктүк куралсыз келечек — глобалдык коопсуздуктун негизи деген ишенимибизди чагылдырат.

Туруктуу өнүгүү жана коопсуздук маселелерине болгон мамилебиз комплекстүү мүнөзгө ээ. Деңизге чыга албагандыгына карабастан, 2025-жылы биздин республика Деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө келишимге (BBNJ) кошулуп, глобалдык экосистемаларды коргоого берилгендигин тастыктады. Тоолуу өлкө катары биз глобалдык экологиялык системанын туруктуулугу ажырагыс деген түшүнүктөн улам «тоолордон океандарга чейин» табигый системалардын өз ара байланышы концепциясын илгерилетүүдөбүз.

Кыргызстан Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурууга ниеттенүүдө. Биз Борбор Азиянын коопсуздугу бул өлкөдөгү туруктуулук менен тыгыз байланышта деген позициядабыз. Биз афган элине, анын ичинде аялдар менен балдарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып жатабыз жана алардын дүйнөлүк коомчулукка акырындык менен экономикалык жана саясий интеграцияланышын жактайбыз.

Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбор Азия мамлекеттери тарабынан бир добуштан колдоого алынган, бул региондук консолидациянын жаңы деңгээлин чагылдырат жана Коопсуздук Кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган макулдашылган жана жооптуу позиция менен чыгууга даярдыгыбызды тастыктайт.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана аны жер шарындагы элдердин тагдыры үчүн чоң жоопкерчилик катары карайт. Кеп эл аралык системанын башкарылуусу Кеңештин натыйжалуулугунан түздөн-түз көз каранды болуп турган мезгилдеги конкреттүү аракеттер жөнүндө болуп жатат.

Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына — саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактарды алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан келип чыгабыз.

Биздин өлкө башка 60 мамлекет менен бирге Коопсуздук Кеңешине эч качан мүчө болгон эмес, ал ага караганда биздин атаандашыбыз — Филиппиндер — буга чейин төрт жолу анын курамына кирген. Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайлануу үчүн тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болот.

Биз шайланган учурда Коопсуздук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын мындан ары жогорулатууга, глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошууга милдеттенебиз.

Сиздердин, Улуу Даражалуулар, 2026-жылдын июнь айындагы добуш берүүдө Кыргыз Республикасын колдой турганыңыздарга терең ишенем.

Эң жогорку урматымды жана Сиздердин элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалоолорумду кабыл алыңыз.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров».

Scroll to Top