Бишкектеги «Музейлер түнү»: чачыранды дүйнөнү бириктирген искусство

18.05.2026 | 09:51

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте «Музейлер түнү» акциясы башталды. Белгилей кетсек, Эл аралык музейлер күнү 1977-жылдан бери жыл сайын 18-майда белгиленип келет. Ал эми Бишкекте 2000-жылдан тарта бул датаны масштабдуу түрдө өткөрүү чечими кабыл алынган.

Ошентип, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин коноктору үчүн туруктуу экспозиция, Рахат Элуубек уулунун «Айлана» аттуу жеке көргөзмөсү, убактылуу көргөзмөлөр, жарманке, диджейлердин, симфониялык оркестрдин жана хордун өнөрлөрү, живопись, скульптура, чоподон ийлөө, оригами боюнча мастер-класстар жана башка көптөгөн кызыктар тартууланды.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директордун илим боюнча орун басары Алтынай Кудайбергенова Reporter.kg басылмасына билдиргендей, быйыл Эл аралык музейлер кеңеши тарабынан бекитилген тема «Музей — чачыранды дүйнөнү бириктирет» деп аталат.

«Биздин искусство храмыбыздын чатыры астында анын ар кыл өкүлдөрү чогулду. Бул бир гана көркөм сүрөт искусствосу эмес — бул театр, музыка жана адабият. Бизде коллекциябыздан шыктануу менен жаралган сонун композициялар жаңырып, поэзия боюнча воркшоптор өттү. Биз искусство тили ар башка тилде сүйлөгөн бардык адамзатка түшүнүктүү экенин айткыбыз келет. Ошону менен биз заманбап дүйнө абдан муктаж болуп жаткан бири-бирибизди түшүнүүгө, өз ара айкалышууга жана гармонияга салым кошууга аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Окурмандарга түшүндүрө кетсек, воркшоп — англис тилинен которгондо workshop («ишкана») — бул катышуучулар билим алып, аны ошол замат иш жүзүндө колдонгон окутуунун жана топтук иштин интерактивдүү форматы.

Алтынай Кудайбергенова «Музейлер түнүн» бир күндүк эле иш-чара катары кабыл албоого кеңеш берет. Ал музей дүйшөмбүдөн тышкары күн сайын иштей турганын жана бул жерде дайыма кызыктуу иш-чаралар өтүп турарын эске салды.

Кудайбергенова кеченин айрым экспозицияларын өзгөчө бөлүп көрсөткөн жок, бирок кыргызстандык композитор Ролан Сейитбеков музей үчүн сонун пьесалар циклин жаратканын белгиледи.

«Дүйнөдө дагы кайсы музейдин жеке музыкасы бар экенин элестете аласызбы? Жада калса биздин храмдын люстрасы да көңүл сыртында калган жок — ал үчүн өзүнчө пьеса жаралууда. Бул сонун эмеспи? Бул чыныгы суктануу!» — дейт ал.

Анын айтымында, музейде поэзия, музыка жана театр боюнча мастер-класстар байма-бай өтүп турат.

«Болгону жарыяларды байкап туруу керек. Бүгүн мунун баары топтолгон түрдө сунушталды. Жакын арада бул жерде жаңырган музыка QR-коддорго жаздырылат жана алардын жардамы менен коноктор залдарды кыдырып, экспозициялар менен тааныша алышат», — деп кошумчалады ал.

Чындыгында, музейдин программасы өзүнүн ар түрдүүлүгү менен таң калтырды.
Мисалы, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги конокторго легендарлуу «Венгер эл жомоктору» мультсериалынан алынган уникалдуу кадрлардын көргөзмөсүн сунуштады. Аларды көрүп жатып, көрүүчүлөр венгер анимациясынын визиттик картасына айланган укмуштуудай оймо-чиймелер, акылман окуялар жана ачык түстөр дүйнөсүнө сүңгүп кире алышты.

«Бул жөн гана мультфильмдер эмес — бул маданий баалуулук (хунгарикум) катары таанылган тирүү элдик искусство. Сериалдын эң кооз кадрларынын экспозициясы жана венгер фольклору менен заманбап искусство аркылуу таанышуу келгендердин баарына кайталангыс атмосфера жана шык тартуулады», — дешет көргөзмөнүн авторлору.


Мындан тышкары, балдар да, чоңдор да легендарлуу Кубик Рубикке арналган интерактивдүү программада өздөрүн сынап көрүп, табышмакты ылдамдыкка чогултууну көрө алышты. Кеченин атайын коногу — венгриялык спортчу жана спидкубинг боюнча көп жолку чемпион, улуттук рекорддордун ээси жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Габор Слезак болду.

Музейдин алдындагы Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун ачылышына карата уюштурулган «ТЕКСТиль. Убакыт жиби» аттуу колдонмо искусство көргөзмөсү чоң таасир калтырды.

Экспозициянын авторлору текстиль Кыргызстандын аймагында жашаган элдер үчүн төрөлгөндөн өлгөнгө чейин турмуш-тиричиликте да, ыйык (сакралдык) мааниде да кызмат кылганын эске салышты.

Иш жүзүндө да ушундай: текстиль жылыткан, коргогон, ички дүйнөнү сырткыдан бөлүп турган, полго төшөлгөн килемдерден баштап кийим-кечеге чейин физикалык жана символикалык мейкиндикти түзгөн.

Бул жерде табигый материалдардын искусство объектилерине айлануу жолун толугу менен көрүүгө мүмкүн болду.

«Биз негиз катары кийиз менен пахтаны алдык. Алар Кыргызстанда пайда болуу жана өнүгүү тарыхы, текстурасы, тыгыздыгы, жылуулугу жана формага ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Бүгүнкү күндө бул материалдар турмуш-тиричиликте гана эмес, кол өнөрчүлүк менен заманбап искусствонун кесилишинде иштеген кээ бир сүрөтчүлөр жана усталар үчүн негизги медиум (курал) болуп саналат», — дешет коллекциянын авторлору.

Алар кол эмгеги аркылуу ойлор материалдык формага ээ болуп, салттуу ыкма эс-тутум, иденттүүлүк, гендер, экология жана туруктуу келечек жөнүндө ой толгоонун куралына айланарын баса белгилешет.


«Бул көргөзмөдө биз, бир тараптан, бардыгына эле белгилүү боло бербеген негизги түшүнүктөргө жана контексттерге басым жасайбыз: чийки зат, техника, материалды даярдоо, анын адам жашоосундагы ролу», — деп кошумчалашты алар текстилди жөн гана турмуштук буюм эмес, муундан муунга өтүп келген билим катары көрүүнү сунуштап.

Албетте, аял-музей кызматкерлерине арналган«Музей музалары» көргөзмөсү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, ал дагы бир жума бою уланат.


«Биздин музейде өз убагында жаңы имараттардын курулушуна чоң салым кошкон аялдар абдан көп. Алар жаңы коллекцияларды коргоп калышкан жана алардын кесипкөйлүгүнүн аркасында бүгүн биз бул экспонаттарды көрө алабыз», — дейт Алтынай Кудайбергенова.

Ал архивдик документтер менен олуттуу иштер жүргүзүлгөнүн, аял-музей кызматкерлеринин жашоосу жана алар кандай кыйынчылыктарга туш болгону изилденгенин белгиледи. Экспозицияда жеке окуялар да, статистикалык маалыматтар да берилген.

«Бул залды биз музейде кимдер иштээри көрүнүп тургандай кылып, кызмат орундарын көрсөтүү менен жасадык. Мисалы, жашыл барактар — бул эркек кызматкерлер, сарылар — аялдар, ал эми актар — вакансиялар. Ооба, биздин коллективге кошулуп, резюме жөнөтүү менен команданын бир бөлүгү болууга болот. Ошондой эле келип, директордун же директордун орун басарынын ордуна олтуруп көрүүгө болот», — дейт Кудайбергенова.

Бул залда архивдик материалдар, сүрөттөр жана кызматкерлер шаардын же республиканын кайсы райондорунан жумушка келерин көрсөткөн карта чогултулган.

«Интерактивдүү зоналар бар, ал жерде өзүңүздү музей кызматкери же куратор катары элестетип көрсөңүз болот. Адатта баалуу экспонаттар, байыркы керамика же зер буюмдар коюла турган витриналар бар. Бүгүн ал жерде биздин музейдин күнүмдүк турмушунда колдонулган буюмдар коюлган. Музей таза болушу үчүн, эмгектер дубалда илинип турушу үчүн, эшиктер ачык болуп, экскурсоводдор иштеши үчүн өз колубуз менен жасаган нерселер. Башкача айтканда, бул витриналарда биздин күнүмдүк колдонгон буюмдарыбыз бар», — деди Кудайбергенова.

Ал картаны көрсөтүп, музей түзүлгөндөн бери кызматкерлердин көбүн аялдар түзгөнүн айтты.


«Мисалы, оор 90-жылдары эркектер айлыктын аздыгынан жумуштан кетип калышчу. Учурда музейде илимий кызматтарда иштегендердин 60 пайыздан ашыгы — аялдар. Бирок калган бөлүгү — биздин сонун эркектерибиз, алар күн сайын имаратка кам көрүп, оор жумуштарды, техникалык жана электрдик иштерди аткарышат. Кыскасы, биздин ишибиздин ийгиликтүү болушуна шарт түзүшөт. Кечээ эле эркектер мага витриналарды жарыктандырууга жардам беришти», — дейт маектешибиз.

Анын айтымында, эркектер аялдардын эмнени жаратып жатканын дайыма эле аягына чейин түшүнө беришпейт, бирок аларга ишенишет жана жардам беришет.


«Бизде техникалык кызматты жетектеген жана музейде 48 жыл иштеген сонун Камила Хон бар. Биз аны баарыбыз жакшы көрөбүз жана Катя эже деп атайбыз. Өткөн жылы ал ардактуу эс алууга чыкты. Дагы бир легендарлуу айымыбыз — Айгүл Токтобековна Мамбетказиева, ал музейге 70-жылдары экскурсовод болуп келип, бүгүнкү күндө аны жетектейт. Ошондой эле музейге берилген дагы бир нече адамдар бар: Күлжаке Ниязалиевна Усубалиева — анын аркасы менен музейдин имараты пайда болгон; Майрамкан Ажибековна Юсупова — Гапар Айтиев атындагы Улуттук музей чет өлкөлөрдө таанымал болушу үчүн Эл аралык музейлер кеңеши менен тыгыз кызматташкан. Салима Сардиевна Шабазова алгач экскурсовод болуп иштеп, кийин музейди жетектеген. Ал музейди социалисттик түзүлүштөн базар экономикасына өтүү мезгилинде башкарган. Бул эң оор жылдар болчу», — деди Кудайбергенова.

Анын айтымында, оор мезгилде оңдоо иштери үчүн уникалдуу коллекциянын бир бөлүгүн сатууну сунуштагандар болгон, бирок Шабазова буга жол бербей, музейди чыныгы сактоочу катары коргоп калган.


«Бизде расмий кызматтар бар экенин билесиздер: башкы сактоочу, живопись, графика, скульптура, жасалга-колдонмо искусство бөлүмдөрүнүн сактоочулары. Жана бул кызматтардын баарында аялдар иштейт».

Экскурсиянын аягында Reporter.kg кабарчысы Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз институтунун (IFEAC) кызматкери мадам Люсия Диренбергер менен таанышты.


«Бул адам бизге чоң MAJIC долбоорунун бир бөлүгү болууну сунуштаган. Биздин “Музей музалары” көргөзмөбүз мадам Люсия жетектеген долбоордун бир бөлүгү. Бул көргөзмөнүн ишке ашуусуна анын жардамы жана колдоосу чоң болду», — деп түшүндүрдү Кудайбергенова.

Алтынай Кудайбергенова ошондой эле иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына чын дилден ыраазычылык билдирип, музейдин айрым кызматкерлери Жогорку Кеңештин Ардак баракчалары менен сыйланганын айтты.


Анын айтымында, адамдар келип музейди жана экспозицияларды гана көрбөстөн, кызматкерлер менен баарлашып, кол чаап, ыраазычылык билдирип жатышканы абдан жагымдуу.

Кудайбергенова заманбап жана классикалык искусстводо 50 пайыз автордун эмгеги болсо, калган 50 пайызы көрүүчүдөн көз каранды экенин өзгөчө белгиледи: көрүүчү өзүнө тиешелүү маанини көрө алдыбы жана автор аң-сезимсиз түрдө башка нерсени салса да, ал эмгек көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таптыбы, кеп ошондо.

«Искусство таануу так илим эмес, ошондуктан автор эмнени айткысы келгени тууралуу ар дайым талаш-тартыштар көп болот. Кийин автор бир искусство таануучуга бир нерсени, экинчисине такыр башка нерсени айтканы белгилүү болот. Мындан кийин эксперттердин ортосунда талаштар башталат: алар макала жазышат, далилдешет, чыгарманы талдашат. Ошондуктан биз музейге келгендерди көркөм сүрөт искусствосунан коркпоого, келип сүрөттөрдү, графиканы көрүүгө чакырабыз. Балким, кандайдыр бир нерсе жүрөгүңүзгө жакын болот, оюңузга бир нерсе келет, музейден жана искусстводон алыс болгон башка баалуулуктарды эске салат. Бул дагы туура. Бул дагы болушу керек», — деп жыйынтыктады Кудайбергенова.

Анара Мамытова

Scroll to Top