Садыр Жапаров быйыл 100 ири объект ачууну убадалады

Садыр Жапаров быйыл 100 ири объект ачууну убадалады

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ири объект ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына арналган салтанатта айтты.

Ал өлкө жүз жылдык даңазалуу тарыхыбызга таазим кылып, ага салым кошкон ата-бабаларыбыздын эбегейсиз эмгектерин белгилөөнүн алдында турарын эскертти.

«ХХ кылым да жамы кыргыз журтчулугу үчүн ыйла трагедиялуу окуялар менен башталып, Үркүндөн кийин ар кандай каршылыктар менен кырчылдашкан кармаштарды башынан өткөрүп, кыйла такшалып, интеллектуалдык деңгээли, илим-билими жетилип калган мамлекет түптөөчүлөрүбүздүн көшөргөн аракети менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автоном облусу тууралуу жаш муун жакындан жакшы билиши абзел», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата салтанат болуп өттү.

Бишкекте майрам 21-22-мартта дагы белгиленет. Шаардыктарды бүгүн саат 12:15тен 22:00гө чейин эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22: 00гө чейин кайра эле концерттик программа болот.

 

Аянттагы майрамдык салтанат. Раззаковдун кызы, экс-президенттерден Жээнбеков келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нооруз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>