Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулатОш мамлекеттик университетинин окутуучусу Кытайдын институтунда сабак берүүдөОнлайн-платформалар жана бош убакытты уюштуруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Катардык ЖМК Садыр Жапаровдун эмне үчүн Дохага келгенин жазды
18.12.2022 | 17:54
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн кечинде Лусаил стадионунда Франция менен Аргентина ортосунда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына катышуу үчүн Доха шаарына жекшемби күнү келди. Бул тууралуу катардык ЖМК жазды.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын президентин жана аны коштоп жүргөн делегацияны Хамад эл аралык аэропортунан Спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али жана Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков тосуп алышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катар мамлекетине иш сапары менен барды.
ардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом