Садыр Жапаров эгер фальсификация аныкталса БШК мүчөлөрүн жазалоону убада кылды

Садыр Жапаров эгер фальсификация аныкталса БШК мүчөлөрүн жазалоону убада кылды

Садыр Жапаров шайлоодо добуштарды саноого байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жарыялады.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде «сбой» болду, добуштарды уурдады деп ызы чуу салып жаткан партияларга айтаарым: бюллетендерди кол менен санап чыгууга силерге эч ким тоскоол болбойт. Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбаш керек. Эгер чындап эле БШК жасалма кылган болсо, БШКнын баардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула», — деп жазган өлкө башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>