Маданият министрлиги эстелик орнотуунун эрежелерин иштеп чыкты

Маданият министрлиги эстелик орнотуунун эрежелерин иштеп чыкты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулуштарды долбоорлоо жана орнотуу эрежелерин иштеп чыкты. Ведомство аларды жактыруу боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, учурда Кыргызстанда эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык такталарды, башка мемориалдык структураларды жана жанрдык шаардык скульптураларды орнотуунун конкреттүү бирдиктүү эрежелери жок.

«Жобонун долбоорунда эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулуштарды орнотууга процедуралык жана техникалык талаптар коюлган. Анын ичинде орнотуунун демилгечилери тийиш болгон документтердин тизмесин, демилгечилердин иш-аракеттеринин жол-жоболук ырааттуулугу, ошондой эле объекттерди орнотууга макулдук берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн документтерди берүүгө тийиш», — деп жазылат негиздемеде.

Мындан тышкары, жободо Бишкек жана Ош шаарларынын борбордук көчөлөрүнө, ошондой эле тарыхый жана маданий эстеликтердин коргоого алынган аймактарына орнотуу пландалып жаткан долбоорлорго сынактарды өткөрүү боюнча атайын талаптар жазылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>