Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды
31.03.2025 | 10:19
Бүгүн, 31-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын Худжанд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Аны Худжанд эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
Аталган шаарда Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммити өтөт. Анда аталган өлкөлөр ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюлат. Ошондой эле, үч өлкөнүн президенттеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары онлайн форматта чек аралар кесилишкен чекитте орнотулуучу мемориалдык тактанын ачылыш аземине катышышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат