Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады
17.05.2021 | 11:52
Бүгүн, 17-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат