Ысык-Көл марафонунда милициянын генералы күмүш байге жеңди

Ысык-Көл марафонунда милициянын генералы күмүш байге жеңди

Кыргыз милициясынын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

15-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 километр 195 метр аралыкта чуркоо боюнча «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулган. Марафондо жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген 3000 ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр катышты.

Бул жарышка кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов катышып, ал 65 жаштан жогорку курактагылар арасында күмүш байгеге ээ болгон.

“Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов   жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Учурда ал 65 жашта. Ал эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>