Видео: Индонезияда стадиондогу башаламандыкта 174 киши каза болду

Видео: Индонезияда стадиондогу башаламандыкта 174 киши каза болду

Индонезиянын Маланг шаарындагы футбол беттешинен кийинки башаламандыкта 174 киши каза болду. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалым болгондой 1-октябрда Маланг шаарында «Арема» жана Сурабая шаарынан келген «Персебая» клубдарынын оюну болуп, анда «Арема» атаандаштарына 2:3 эсебинде жеңилген. Финалдык ышкырыктан кийин «Ареманын» күйөрмандары оюн талаасына чуркап чыгып, кагылыштар башталган. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газды колдонуп, кысылыш башталган.

Башаламандыктар стадиондун сыртында да уланып, бир нече полиция унаасы өрттөлгөн. Эки полиция кызматкери каза болгон.

Медицина кызматкерлеринин маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү деми кыстыгуудан көз жумган.

Учурда бийлик өкүлдөрү окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган. Индонезиянын футбол уюму  «Аремага» өз стадионунда сезондун аягына чейин беттеш өткөрүүгө тыюу салып, жакынкы өтө турган оюндарды кийинки жумага жылдырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>