Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Президент Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат.

«Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Иш сапарынын алкагында, ошол эле күнү кечинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат», — деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>