ИИМдин Академиясында курсанттар ант беришти — сүрөт

ИИМдин Академиясында курсанттар ант беришти — сүрөт

Бүгүн, 26-октябрда ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын саптык аянтчасында Кыргыз милициясынын күнүнө карата 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 128 курсант ант берди.

Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары  катышты.

Адылбек Бийбосунов ант берүүчүлөрдүн алдында сөз сүйлөп, “Бүгүн биз үчүн кубанычтуу күн, анткени коомдук тартипти бекем сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоодо бардык күчүн жумшоого даяр болгон эр азаматтарыбыз менен катарыбыз толукталууда. Урматуу курсанттар! Силерге коюлган башкы талап — татыктуу билим алуу. Ошондуктан болгон аракетиңерди жумшап, билимиңерди бекемдеп алсаңар, силерден элдин ишеничин актаган, күн-түн дебей кызмат аткарган, жарандардын кызыкчылыктарына кылдат мамиле жасаган татыктуу кызматкерлер чыгарына ишенем”, — деп билдирди куттуктоосунда.

Андан соң, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов сөз сүйлөп, жоопкерчилиги жогору турган кесиптин босогосун аттап жаткан курсанттардын эң башкы милдети бул терең билим алуу экенин жана ага окуу жайда бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, руханий-адеп-ахлагы, ар-намысы бийик, билими терең кесипкөй кызматкерлердин катарын бүгүнкү ант берип жаткан курсанттар толуктайт деген ишенимин билдирди.

Бул күнү салтка айлангандай, милициянын биринчи генерал-майору Э.Алиев атындагы коомдук фондунун төрагасы А.Бектемиров жакшы окуган курсанттарга стипендия тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ант берүү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>