Садыр Жапаров Казакстанга «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылышына катышуу үчүн келди

29.07.2026 | 17:20
Садыр Жапаров Казакстанга «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылышына катышуу үчүн келди — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-июлда жумушчу сапар менен Казакстанга барды. Астана шаарындагы эл аралык аэропорттон мамлекет башчысын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров «Келечек оюндары – 2026» эл аралык мультиспорттук турниринин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук жайларды кыдырат.

«Келечек оюндары» — салттуу спорт менен киберспортту айкалыштырган эл аралык турнир. Катышуучулар алгач санарип форматында күч сынашып, андан соң ошол эле дисциплина боюнча реалдуу спорттук аянтчада мелдешет. Турнир алгач 2024-жылы Орусиянын Казань шаарында өткөн. Долбоор кийин эл аралык макамга ээ болуп, 2025-жылы Бириккен Араб Эмираттарында, ал эми 2026-жылы Казакстанда өткөрүлүүдө.

Scroll to Top