Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Садыр Жапаров көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты ачат
12.08.2023 | 14:52
Президент Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнөлүк чемпионатты ачат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, эл аралык турнир 13-20-августта Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтөт.
Иш-чаранын ачылыш аземи “УТРК – спорт” телеканалынын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Түз эфир башталышы 13-августта 13:00дө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт