Айыл чарба кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды

Айыл чарба кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-августта ИИМдин Тергөө кызматына О.С. атуу жаран кайрылып, Айыл чарба министрлигине караштуу жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери опузалоо менен маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, кечээ, 11-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 миң доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р жана бөлүм башчысы М.Ш. кармалган.

Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>