Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайы
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
12.06.2023 | 20:56
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 13-июнда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.
Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып баруу саат 10:00до башталат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат