Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Өз кайрылуусунда ал мындан 33 жыл мурда Конституциянын кабыл алынышы көз карандысыз мамлекеттүүлүктүн калыптанышындагы маанилүү этап болуп калганын жана адам укуктары менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары бекиткенин белгиледи.
Президенттин айтымында, Баш мыйзам жогорку юридикалык күчкө ээ жана өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн аныктап, улуттук идеологиянын булагы катары кызмат кылат. Көп улуттуу коомдо ал биримдикти жана туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөт.
Жапаров дүйнөлүк өзгөрүүлөр шартында Конституция өлкөнүн бүгүнкүсүн жана келечегин аныктоочу баалуулуктарды чагылдырып, укуктук системанын жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп кала берерин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле демократиялык жана укуктук мамлекетти курууда мыйзам үстөмдүгүн сактоо жана элдин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо маанилүү ролду ойноорун белгиледи.
Жапаров жарандарды өлкөнүн Баш мыйзамынын ченемдерин сактоого жана өсүп келе жаткан муунду Конституцияга, элдин тарыхына жана каада-салтына урмат көрсөтүү духунда тарбиялоого чакырды.