Жеңиш күнү: Орусия Украина менен бир тараптуу ок атууну токтотууну (айкөлдүк) жарыялады
Орусиянын Коргоо министрлиги президент Владимир Путиндин чечими менен Улуу Ата Мекендик согуштагы советтик элдин жеңишинин урматына 8-9-май күндөрү Украина менен убактылуу ок атууну токтотуу жарыяланганын билдирди.
«Украина тарап да бул үлгүнү колдойт деп ишенебиз», — деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Буга чейин Украинанын президенти Зеленский өлкөнүн армиясы дрондордун жардамы менен Кызыл аянттагы Жеңиш парадына чабуул жасашы мүмкүн экенин четке каккан эмес. Буга байланыштуу Орусиянын Коргоо министрлиги «майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн» маалымдады.
Эгерде Украинанын армиясы «өзүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашырууга» аракет кылса, Орусиянын Куралдуу Күчтөрү «Киевдин борборуна жооп иретинде массалык ракеталык сокку урат», — деп билдирди министрлик.
«Орусия, бизде мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, гуманитардык себептерден улам буга чейин мындай аракеттерден карманып келген», — деп белгилешти мекемеден.
РФ Коргоо министрлиги Киевдин жай тургундарына жана чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине шаардан өз убагында чыгып кетүү зарылдыгын эскертти.