Садыр Жапаров Кытайдан келген делегатты кабыл алды

Садыр Жапаров Кытайдан келген делегатты кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кытай Компартиясынын БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер, өз ара ишеним ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарга толук жооп берген аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, тактап айтканда Кыргызстан менен СУАР ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүнүн өсүшүнүн оң тенденциясын белгиледи.

Ал биргелешкен транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сооданын көлөмүн мындан ары жогорулатуу үчүн соодада өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна токтолуп, Мамлекет башчысы бул Кыргызстан менен СУАР ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө салым кошуп, экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө да мультипликативдик таасирин тийгизерин белгиледи.

Инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз кылып жатып, Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстанда жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын баса белгилеп, ага байланыштуу СУАРдын компанияларын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

СУАР ККПсынын Партиялык комитетинин катчысы өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон ысык саламын айтып, Кытай делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын негизги миссиясы — эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу экенин белгиледи.

Ма Синжуй СУАР жетекчилиги Кыргызстандын аймактары менен кызматташууну активдештирүүгө ниеттенип жатканын, бул маселе азыртадан эле күн тартибинде турганын белгиледи.

Ал соода жүгүртүүгө токтолуп, Кыргызстан СУАРдын эң ири өнөктөшү болуп калганын, өз ара сооданын көлөмү буга чейин эле 1 миллиард АКШ долларына жеткендигин баса белгиледи.

Соода алакаларын илгерилетүү үчүн Ма Синжуй өлкөлөр ортосундагы өткөрмө пункттардагы инфраструктураны жакшыртуу демилгесин колдоп, ошондой эле алардын санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанисин белгилеп, Ма Синжуй анын үч тарап үчүн тең чоң экономикалык маанисин баса белгиледи.

СУАР ККПсынын Партиялык комитетинин катчысы Кыргызстан менен энергетика, медицина, маданият жана туризм тармагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштарын айтып, ошондой эле КЭРдин жогорку окуу жайларында Кыргызстандан барган студенттерди окутууга квоталарды көбөйтүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>