Садыр Жапаров мектепке куралдуу кол салуу боюнча Татарстан элине көңүл айтты

Садыр Жапаров мектепке куралдуу кол салуу боюнча Татарстан элине көңүл айтты

Садыр Жапаров Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салууда курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп  кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.

Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда Казань шаарындагы мектепте ок атылып 11 адам каза болуп, 32 киши жаракат алган. Окко учкандардын көпчүлүгү жаш мектеп окуучулары болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>