Садыр Жапаров: Мен канча мөөнөт иштесем дагы өзүм үчүн бир мык сайбайм

Садыр Жапаров: Мен канча мөөнөт иштесем дагы өзүм үчүн бир мык сайбайм

Өлкөдөгү коррупция 85-90 пайызга жоюлду. Бул тууралуу Садыр Жапарво  «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин казынасына кол салуу схемаларынын 10 пайызы гана калды.

«Аны өзүм силерден жардам сурабай командам менен бирге бүтүрдүм. Өлкөдөгү өзгөрүүлөр эмненин эсебинен болуп жатат? Мен бир -эки мөөнөт иштесем дагы өзүм үчүн бир мык сайбайм. Баары эл үчүн, баары силер үчүн калтырып кетем», — деди ал.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн «Дордой» базарында болду. Ал ишкерлерге патент менен иштөө мөөнөтү 1-июлга чейин калтырылганын айтты. Андан тышкары, соода тармагын алты айга текшерүүгө тыюу салынды.

Бул арада Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер менен биргеликте ККМ орнотуу жана бирдиктүү салык тутумуна өтүүнүн жолдорун иштеп чыгат. Президент соода жүгүртүүдөн салыктын өлчөмүн 8 миллион сомдон 15 миллион сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>