Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу болду — сүрөт

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу болду — сүрөт

Бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу маршы болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>