Садыр Жапаров мэриянын Транспорт департаментин текшерип барды

Садыр Жапаров мэриянын Транспорт департаментин текшерип барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев белгилегендей, департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат.

«Маалым болгондой, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө. Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.

Президент Жапаров борбор калаанын муниципалитетине жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды», — дейт Султанбаев.

Анын айтымында, ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды. Аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат.

«Техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар күнүмдүк оңдоодон тез өткөрүлүп, алардын техникалык абалы жакшы сакталып турат», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>