Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу жети жылга кесилди

Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу жети жылга кесилди

Бишкек шаарында 50 жаштагы Миргүл Айткулованы өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу жети жылга абакка кесилди. Бул тууралуу маркумдун уулу Азизкан Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, иш 31-мартта Биринчи май райондук сотунда каралып, сот айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыраткан.

Эскерте кетсек, окуя 30-январь күнү Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын видеосунан көрүнгөндөй, «Хонда Фиттин» айдоочусу Фрунзе көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, кызыл жол чыракка токтобой кеткен. Ошол маалда Тыныстанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаа «Хонда Фит» менен кагылышып, «Хонда Фит» жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин аял ооруканада көз жумган.

Буга чейин иш Свердлов райондук сотунда каралып, сот айдоочуну үй камагына чыгарган. Бул тууралуу маркум Миргүл Айткулованын балдары айтып чыгып, соттун чечими коомчулук арасында чоң резонанс жараткан.

Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыкты. Кырсыктын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>