Балыкчы — Чолпон-Ата жолдоруна 2-3-июнда чектөөлөр киргизилет

Балыкчы — Чолпон-Ата жолдоруна 2-3-июнда чектөөлөр киргизилет

2-3-июнь күндөрү  Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушу  учурунда, чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда,  Балыкчы —  Чолпон-Ата унаа жолдоруна  маал-маалы менен  чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан,  жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине  унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-июнда Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт.

Саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>