Президен Садыр Жапаров Бишкектеги №57 мектепте тарых мугалимин тилдеген аялдын жоругун сынга алды. Бул тууралуу ал республикалык сынакты уткан бала бакча жана мектеп мугалимдерине сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.
Жапаров бул окуя аны аябай капаландырганын айтты.
«Бир окуучунун апасы мектеп мугалимин «баламды урушасың» деп тилдегенине өтө капа болдум. Ал 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок. Ал эми бул жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, «мугалим» деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун шагы сынды», — дейт ал.
Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керектигин айтты.
«Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун, бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылуу мамлекеттин милдети!», — деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Бишкектеги мектепте окуучунун апасы мугалимди тилдеп, урушуп жатканы тартылган видео тарап, коомдо кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк мугалимди тилдеген энеге 1000 сом айып салынганы айтылган.
Депутат мугалимди тилдеп, ыйлаткан аялга катуу чара көрүп, кечирим суратууну талап кылды (видео)