«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээкМанасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар
Садыр Жапаров Нуржигит Кадырбековду Маданият министри кылып дайындады
14.10.2020 | 11:04
Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка депутаттар тарабынан өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаров кол койгон.
Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алыны айтылат Өкмөттүн басма сөз кызматы жиберген билдирүүдө.
Нуржигит Кадырбеков буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматын аркалап келген.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесин баштап барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат