Садыр Жапаров: паспорттогу «улут» графасы калыбына келтирилди

Садыр Жапаров: паспорттогу «улут» графасы калыбына келтирилди

Паспортто жарандын улуту жазыла турган графа кайра калыбына келтирилип документтин көрүнүп туруучу сыртына жазылат. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

”Мекенчил” партиясы шайлоого аттанганда “улуту” деген графаны кайра киргизебиз деп убада бергенбиз. Бугүнкү күндөн баштап ал киргизилип баштайт. Мен эки күндүн ишимде ушуну чечтим. Так кесе айта кетейин, ким кааласа жаздырат, каалабаса жайздырбайт. Бирок бул эртеңки күндөн башталбайт, Мамкаттоо бардык программаларды даярдап 60  же 90 күндөн кийин ишке ашарын айтты.”, –деп билдирди Жапаров.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланды.

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров жетектеген  жаңы өкмөттү дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>