Садыр Жапаров президент менен парламенттин иш башкармалыгын бириктирди

Садыр Жапаров президент менен парламенттин иш башкармалыгын бириктирди

Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

“Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын базасында Президенттин Иш башкармасы түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат”, — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>