Текебаевге Самаевдин жакыны кол салганбы? Өзүнөн жооп

Текебаевге Самаевдин жакыны кол салганбы? Өзүнөн жооп

Өмүрбек Текебаевге кол салган Токмок шаарынын айдоочусу эмес экенин Reporter.kg′ге мэр Урмат Самаев билдирди.

Ал, “ал менин айдоочум болгон эмес. Мэрияда такыр башка адам айдоочу болуп иштейт. Бул жигит болгону 22 жашта, жада калса айдоочулук күбөлүгү да жок. Мен ал баланы тааныйм. Эми ал Токмоктун болгондуктан тааныйм. Экөөбүз эч кандай чогуу иштешкен да бизнес да кылган эмеспиз, ал бала саясатта жок. Мени жакшы көргөн адамдар бул окуяга байлап жатышат. Чындыгында менин эч кандай тиешем жок», — деп билдирди Урмат Самаев.

Ошондой эле Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкова видеодон көрсөткөн «Токмок шаарынын депутаты Анарбек Маликов Текебаевге кол салган» делген жаран боюнча да эч кандай маалыматы жок экенин билдирди.

1-декабрь күнү «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Текебаев өзүнө кол салуу болгонун билдирген. Ал эми ага кол салууну Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин жакын адамдары экенин Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкова айтып чыккан.

Текебаевге кол салган кишини айткан депутатка коркутуу болуп жатат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>