Садыр Жапаров Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткенин айтты

Садыр Жапаров Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткенин айтты

Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Ал Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат алганын, бирок расмий анын кайда экендиги тууралуу маалымат жоктугун айтты.

“Раимбек Матраимов өлкөдөн чыгып кетишти деп жатышат. Мага ушундай маалымат келген. Расмий чыгып кетти деген маалымат жок бирок чыкканы тууралуу мындай маалымат келген мага. Бул маселени эми расмий кызматтар көзөмөлдөшү керек”, – деди Жапаров.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>