Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров 11-ноябрда өтө турган кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышат.
Делегациянын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов.