Садыр Жапаров Таластагы аэропортту жаңылоо иши менен таанышты

Садыр Жапаров Таластагы аэропортту жаңылоо иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Талас» аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президентке аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

«Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 га. «Талас» аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоордун алкагында аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүлөрдү тейлөөгө эсептелген. Курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жаңы аэровокзалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап коопсуздук жана көзөмөл системасы орнотулат. Учуу-конуу тилкеси боюнча — аэродромдун эски жасалма катмарынын авариялык участокторун демонтаждоо боюнча иштер аяктады жана авариялык участоктордун асфальт-бетон иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.

Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү аэропортторду модернизациялоо туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

«Кыргызстанда туристтерди өзүнө тартып турган табигый кооз жерлер көп. Ошондуктан кыргыздардын меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүү маанилүү, ал эми бул нерсе аэропорттордон башталаары белгилүү. Ошондуктан эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Биз өлкө боюнча ички каттамдарды калыбына келтирип, бардык аэропортторду ишке киргизүүнү көздөп жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>