Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду (сүрөт)

Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду (сүрөт)

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасындагы Азия чемпионатынын экинчи күнүндө Улан Муратбек уулу (55 кг) Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

16-июнда өткөн мелдеш күнү грек-рим жана кыз-келиндер арасында таймаштар болду.

Грек-рим-күрөшүнөн 55 салмакта Улан Муратбек уулу атаандаштарынын баарын жеңип, Азия чемпиону болгон. Ошондой эле, 87 кг салмакта Жеңиш Жумабеков күмүш медаль тагынган.

Ал эми балбан кыздардан Кайыргүл Шаршебаева (76 кг) күмүш, Нурзат Нуртаева (68 кг) коло байге уткан.

Белгилей кетсек, 16-июнда Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш аяктады. Кыргызстандын курамасы жалпы 3 алтын, 5 күмүш байге утту. Муну менен жалпы командалык эсепте Кыргызстан 2-орунду ээледи. Биринчи орунга Казакстан, ал эми эми үчүнчү орунга Индия татыды.

Жаштар арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган, ал 18-июнда жыйынтыкталат. Бүгүн, 17-июнда кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандар арасында таймаштар өтөт.

U23: Эки балбан Азия чемпиону болду, дагы төртөө күмүш тагынды (сүрөт)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>