УКМКнын Таластагы башкармалыгы жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Таластагы башкармалыгы жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, жаңы имарат, жаңы шарттар коопсуздук органдарынын кызматкерлерине элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөдө жаңы дем, жаңы күч берерин айткан.

Ал өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын тарых-таржымалына азыноолак кеп кылган. Садыр Жапаров билдиргендей, улуттук коопсуздук органдарынын жаралышы жана калыптануу тарыхы 1918-жылдан башталат. Совет бийлигинин жылдарында чекисттер кара жанын карч уруп, Мекенин тышкы душмандардан коргоп келишкен. Жалпы эле Кыргызстанда коопсуздук органдарын негиздөө оор кырдаалда жүргөн. Революциядан кийинки оор учурда, жарандык согуштан кийинки кыйын мезгилде экономиканы калыбына келтирүү багытында чекисттерге тыңчылык, диверсия, терроризм, мыйзамсыз аткезчилик жана бандитизм менен күрөшүү, мамлекеттик кылмышкерлерди издөө, чек арага жакын райондордогу бийликти бекемдөө милдеттери жүктөлгөн.

Президенттин айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин мамлекеттин жаңы тарых барактары ачылып, коомдук-саясий, социалдык жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр биринин артынан бири жүрө баштаган. Ошондой мезгил агымынын жаңылануусу менен 1991-1998 жылдары алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча бөлүмү ачылган, ал эми 2000-жылдын апрелинде Талас облусу боюнча башкармалыгы түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун жана аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, улуттар арасында бирдиктүү мамилени түзүү, укуктук тартипти, мамлекеттин, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында алгылыктуу иш-аракеттер жүрүүдө. Өлкөнүн өнүгүүсүн шарттоочу мындай олуттуу максаттарды ишке ашырууда улуттук коопсуздук органдарынын орду чоң. Айрыкча азыркы мезгилде: тышкы, ички коркунучтар менен чакырыктар болуп жаткан маалда жана геосаясий кырдаалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өтө жоопкерчиликтүү милдеттерди жүктөп эле койбостон, мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү жаатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, кызматкерлердин кызматтык жана социалдык шарттары жакшыртылууда», — деди ал.

Ал белгилегендей, буга чейин 1936-жылы салынган Талас башкармалыгынын эски имаратына жыл сайын аны оңдоп-түзөөгө кошумча каражаттар талап кылынып турган. Мындан тышкары, 1000 чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен. Ошондуктан, Садыр  Жапаров белгилегендей, Талас башкармалыгынын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттар түзүлдү. Жаңы имараттын курулуш иштери өткөн жылдын 7-июнунда башталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>