Экинчи сапка 5,2% менен «Баарына каршы» деген графа чыкты. Талапкерлер Жигули Дайрабаев 3,33%, Каракет Абден 2,54%, Мейрам Кажыкен 2,23%, Нурлан Ауесбаев 2,17%, Салтанат Турсынбекова 2,08% добуш топтоду.
Германияда кыргызстандык студент каза болду. Маркум ал жакка сезондук жумушка барганКыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталдыЖээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугуштуБишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалдыАлыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулатКеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салынды
Садыр Жапаров Токаев менен сүйлөштү. Эмнени талкуулады?
21.11.2022 | 11:17
Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Телефондук сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Токаевди 20-ноябрда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматтагы ишинде ийгиликтерди каалаган.
Өз кезегинде Токаев куттуктоосу үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирип, Казакстан Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну бекемдей берерин белгилеген.
Эскерте кетсек, 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болуп өттү. Казакстандагы «Ачык коом» институтунун экзит-поллуна ылайык, бул президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев добуштардын 82,45 пайызына ээ болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом