Садыр Жапаров түркиялык ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Садыр Жапаров түркиялык ири компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Түрк делегациясынын курамына ошондой эле айыл чарба, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо-кен жана курулуш тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери кирген.

Садыр Жапаров меймандарды кабыл алып жатып, Мамлекет башчысы катары Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толук колдой турганын жана алардын мындан ары ишке ашырылышына кеңири жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Ал бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, бул тармакты толук реформалоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирген.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, агрардык секторду өнүктүрүүгө, ошондой эле тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, туризм жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарга багытталган долбоорлорго басым жасайт.

Президент дүйнөлүк пандемиянын кесепетинен улам акыркы жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүдөгү терс динамикага карабастан, Түркия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин кошумчалаган.

Ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык максат — товар жүгүртүүнү жылына 1 миллиард АКШ долларына чыгаруу үчүн тараптар бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишенимин билдирди.

Ошондой эле Президент соода-экономикалык жана инвестициялык маселелерде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо зарылдыгын белгилеген.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров ушул жылдын июль айына белгиленген Кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын жана Ысык-Көл кыргыз-түрк бизнес форумун жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанисине токтолгон.

Мамлекет башчысы түрк ишкерлерин Ысык-Көл бизнес форумуна активдүү катышууга жана атамекендик экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция салууга чакырган.

Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирген.

Ал экономиканын бардык секторлорундагы чакан, орто жана ири түрк бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирген Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин ишмердиги тууралуу айтып өткөн.

Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Кыргызстандын потенциалы, анын ичинде адамдык потенциалы жөнүндө айтып, өлкөнү өркүндөтүү үчүн өнөр жайды өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген.

Ал ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишин реформалоо зарылдыгына көңүл буруп, бизнес менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин айткан.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров жаңы инвесторлорду тартууга ачык экенин, алардын ишинин коопсуздугун толук камсыз кылууга даяр экенин дагы бир жолу баса белгилеген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>