Садыр Жапаров уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мораторийди жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам 13-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 70 депутат макул, 8 эл өкүлү каршы деген добуш берген.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Уран казууга белсенген компаниялардын саны 11ге жетти. Кожоюндары кимдер

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>