Кыргызстанда автомектептерге лицензиянын ордуна мамлекеттик реестр киргизүү сунушталууда — кенен маалымат

Кыргызстанда автомектептерди лицензиялоодон баш тартып, аны атайын мамлекеттик реестрге киргизүү менен алмаштыруу сунушталууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунда каралган. Анын демилгечиси — КР Президентинин Иш башкармалыгы.
Маалымдама-негиздемеге ылайык, буга чейин иштеп келген автомектептердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу системасы негизинен билим берүү ишин лицензиялоого негизделген. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, мындай модель тармактык көзөмөлдүн жана билим берүү процессине санариптик мониторинг жүргүзүүнүн зарыл деңгээлин толук камсыз кыла албайт.
Лицензиялоонун ордуна мамлекеттик уруксат берүүнүн жана көзөмөлдөөнүн атайын тармактык механизмин киргизүү сунушталууда. Ошол эле учурда автомектептердин ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуу сакталып калат.
Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:
- автомектептерди автомектептердин мамлекеттик реестрине милдеттүү түрдө киргизүүнү;
- транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштешин;
- окуу процессин, сабакка катышууну жана билим берүү программаларын өздөштүрүү жыйынтыктарын санариптик эсепке алууну;
- автомектептердин кадрдык, окуу-усулдук жана материалдык-техникалык камсыздалышына карата бирдиктүү талаптарды;
- жарандардын квалификациялык экзамендерге киргизилишин көзөмөлдөөнү;
- квалификациялык экзамендердин теориялык жана практикалык бөлүгүн өткөрүүдө видеокаттоо жана жеке тагынма видеокамераларды (боди-камераларды) колдонуу менен экзамендик процессти объективдүү тартып алуу системасын киргизүүнү;
- убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү берүүнү караган, транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүнүн этаптуу системасын.
Мамлекеттик реестрге кирүү — автомектептин иштөөсүнө негиз болот. Реестрди жүргүзүү жана ага автомектептерди киргизүү тартибин Министрлер кабинети бекитиши керек.
Окуу процесси, сабакка катышуу жана билим берүү программаларын өздөштүрүү жыйынтыктары санариптик форматта эсепке алынат. Ошондой эле жарандардын квалификациялык экзамендерге киргизилишин көзөмөлдөөнү күчөтүү пландалууда.
Айдоочуларды даярдоонун бирдиктүү стандарттарын камсыз кылуу үчүн «A», «B», «B жана C», «C» категорияларына жана «C1» кичи категориясына, ошондой эле «C», «D» жана «CE» категорияларына кайра даярдоо үчүн типтүү окуу пландары иштелип чыгып, бекитилген.
Теориялык жана практикалык экзамендерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрөт. Экзамен тапшыруу процессин видеобайкоо жана тагынма видеокамералардын жардамы менен милдеттүү түрдө тартып алуу сунушталууда.
Иштеп чыгуучулар өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын айдоочулардын теориялык жана практикалык жактан жетиштүү даярдыгы жоктугуна байланыштуу жол кырсыктарынын жогорку деңгээли сакталып жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө.